Караколдо бир ай бою “Кайрымдуулук дүкөнү” муктаждарга бекер тамак-аш таратат

Караколдо “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, муктаждарга бекер тамак-аш таратылууда. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Мечиттин жанында атайын “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, бир ай бою муктаждарга бекер тамак-аш таратылмакчы. Башкача айтканда, кайрымдуу адамдар келип тамак-аштарды “Кайрымдуулук дүкөнүнө” калтырып кетишет, ал эми муктаждар келип алып кетишет.