Караколдо ажырашып жүргөн жубайын бычактап өлтүрүүгө, кийин өзүнө бычак сайган делип жаткан жаран Ысык-Көл облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган облустук оорукананын жетекчиси билдирди.
«Азыр абалы өтө оор. Жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деди ал.
- Кечээ, 9-ноябрь күнү саат 17:19 чамасында милицияга Каракол шаарында жайгашкан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аял кишини бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алгачкы маалымат боюнча, 1987-жылы туулган киши 1992-жылы төрөлгөн келинчеги менен соода борборунда ажырашып жүргөндүктөн, өз ара сүйлөшүү үчүн кездешкен. Сүйлөшүү учурунда ортосунда өз ара келишпестик чыгып, анын кесепетинде күйөөсү келинчегин жана өзүн бычак менен сайып жиберген. Кесепетинен келин алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон, күйөөсү алган жаракаты менен ооруканага жеткирилди. Учурда териштирүү иштери уланууда.