Караколдо сейрек ооруга чалдыккан эки тургун жашайт

Каракол шаарынын эки тургуну сейрек кездешкен прогерия деген оору менен жабыркашат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул илдетке чалдыккандар  убактысынан эрте картайышат. Мындай сейрек оору менен жабыркаган ага-ини тууралуу видео социалдык тармакка тарады.

Ислам азыр 20 жашта, Рамазан 11де. Алар музыкалык инструментте ойношот, пластилинден ар кандай персонаждарды жасашат. Биз балдарга өнөрүн өркүндөтүү менен буюртма ала тургандай мүмкүнчүлүк түзүлүшү үчүн жардам бергибиз келди. Келгиле, кол суналы” деп жазылат активисттердин маалыматында.

Дүйнөдө мындай оору менен 400гө жетпеген адам жабыркары айтылат. Прогерия азырынча дарыланбайт.