Караколдогу балаты кулап калгандан кийин Бишкектеги балатыны жыйноого киришишти

Караколдогу балаты кулап калгандан кийин Бишкектеги балатыны жыйноого киришишти. «Тазалык» ишканасынан билдиришкендей, өлкөнүн башкы Жаңы жылдык балатсынын демонтажы эртен, 15-январда башталат. Ал өткөн жылдын декабрь айынын башында орнотулган эле.

Бул жолу акчаны үнөмдөө максатында Бишкек мэриясы балатыны эски жасалгасы менен койгон. Ал эми анын каркасы соңку 4 жылдан бери колдонулуп келет.