Караколдогу лыжа базасында асма жол артка айланды (видео)

Каракол лыжа базасында асма жол иштен чыгып, артка айланды. Окуянын видеосун күбөлөр жарыялап жатышат. 

Алардын айтымында, окуя бүгүн болгон. Видеодон лыжачылар менен сноубордчулар отургучтардан секирип жатканын көрүүгө болот. Жабыркагандар жок. Лыжа базасынын администрациясы окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.