Кармалган Болот Назаровдун эжеси: «Инимди иш-чараны ачып бериңиз, ат мингизебиз деп чакырып кетишкен экен»

Бүгүн, 9-ноябрда Чүй ОИИБ маалымат таратып, төкмө акын Болот Назаров ат уурдоого шектелип кармалганын билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги акындын эжеси менен байланышканыбызда, 2 күн мурда Бишкектен Беловодское айылына иш-чараны ачып берүүгө чакырганын келинчеги айтканын билдирди. Ал ошондой эле бул камоо Кемпир-Абад боюнча болушу мүмкүн экенин айтты. «Келинчеги инимди Беловодское айылындагы иш-чараны ачып берип, ат мингизебиз деп чакырганын айтты. Мурда күнү кеткен, кечээ байланыша албай койгонбуз», — деди эжеси.