Карта чыры. Башкы прокуратурада кимдер жазаланганы белгилүү болду

Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган иш-чарада «Ала-Арча 1» мамлекеттик резиденциясындагы карта боюнча жаңжалдан кийин жооптуу кызматкерлерге дисциплинардык жаза берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, уюштуруу бөлүмүнүн жетекчилери Каныбек Узакбаев менен Асылбек Акматовго сөгүш берилген. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Белек Калыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгон. Белгилүү болгондой, картаны президенттик аппараттын жетекчиси бекиткен.

20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата “Ала Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарадагы өлкөнүн картасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинген. Анда Кыргызстандын аймагынын ичинде жайгашкан Ворух анклавы сүрөттө көрсөтүлгөн картада өлкөнүн аймагынан бөлүнүп так көрсөтүлгөнү соцтармакта талкууга түшүп, мындай одоно катага жол бергендер катуу сынга алынган.