Карындашын коргоп, ок чыгарган жарандын окуясы. «Күчтүү адвокаттарды жалдашкан» дейт акыйкатчы

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова соңку бир топ резонанс жараткан окуялар боюнча маек берди. Анын жүрүшүндө Токмоктогу окуя да сөз болду.

«Токмокто карындашын коргоп, ок чыгарган жарандын окуясы аптанын дем алыш күндөрү катталган. Биздин институттун кызматкерлери барып жолуктук. Кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасына бизди аралаштырышкан жок. Соттук процесстерге катыштык, процессуалдык жактан мыйзам бузуу болгон эмес. Бул жарандын ата-энесинен да, карындашынан да бизге арыз түшкөн эмес. Арыз жазуудан баш тартышкан. Азыр кармалган жарандын жактоочулары менен байланыштабыз. Күчтүү адвокаттарды жалдашкан», — деди Атыр Абдрахматова.