Карышкыр алдыдагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары катары таанылды. Сүрөттү уюштуруучулар социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыялашты.
Dünya kültürlerini bir araya getiren 4. Dünya Göçebe Oyunları’nda Ötüken de bizimle. Merhaba Ötüken
pic.twitter.com/IeN1BRGqA9 — 4. Dünya Göçebe Oyunları (@gocebe22) September 22, 2022
Оюндар 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында ушул эле аталыштагы көлдүн жээгинде өтөт. Ага 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышары күтүлүүдө. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу ак илбирс болгон. Илбирстердин образынын автору режиссер-аниматор Толгобек Койчуманов болгон. Андан соң ак илбирсти оюндардын тумары катары көрсөтүү идеясы бул жаныбарды коргоо маселесинин маанилүүлүгү менен байланыштуу экенин белгилеген.