Катардан келген медицина кызматкерлери угуусу начар 29 балага акысыз операция жасап беришет

Бүгүн, 14-июнда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар кыргызстандык 29 бала үчүн акысыз операция жасоого байланыштуу маселени талкуулашты. Операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катар жана кыргыз адистери тарабынан жасалат.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти операция – кохлеардык имплантация жасоо үчүн 23-июнда Катардан 3 жогорку квалификациялуу адистер келерин белгиледи. “Операцияга, андан тышкары, кохлеардык имплантацияга байланыштуу бардык чыгымдар Катар тараптан каржыланат”, — деди элчи.

Министр Катар өкмөтүнүн колдоосуна ыраазычылык айтып, угуусу начар балдарга операцияны ийгиликтүү жасоо үчүн талап кылынган бардык зарыл иш-чараларды уюштура турганын билдирди.

Маалымат үчүн: Катар мамлекети жалпысынан балдар үчун 150 кохлеардык имплант бөлөт. Ушул жылдын аягына чейин 50 операция жасалат, калганы 2022-2023-жылдары жүргүзүлөт. Зарыл болсо кошумча дагы 50 имплант бөлүү мүмкүнчулүгү каралган.