Катуу жааган жаандан улам Ош облусунун айрым жолдору жабылууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Азыркы учурда катуу жаган жамгырдан улам Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымында суу ашып, сел жүрүп жатат. Азыркы учурда ошол аймактагы жолдор жабылып, ЖКККББнын кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Ачылганда кошумча маалымат берилет.