Көк бөрүчүлөр каза болгон улакчы Мирлан Сражидиновдун үй-бүлөсүнө акча чогултуп жатышат

Көк бөрүчүлөр маркум Мирлан Сражидиновдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултууда. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Атайын ачылган эсепке бир сутка ичинде 1 миллион сомдун тегеринде каражат топтолду.

«Айрымдары мал-мүлк менен салым кошушууда. Азырынча үч ат кошумча катары берилди. Чогулган каражатка маркум улакчы жаңы баштаган үйүн толук бүтүрүп берүүнү максат кылышты. Каражаттарды “Ынтымак” командасынын жетекчиси Адилет Назаровго которуп жатышат»,- деп айтылат маалыматта.