«Каза болгондон 2 күндөн кийин кыздуу болду». Баткенде чек арада 35 жаштагы Нургазы Боркошов көз жумду

Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан 35 жаштагы УКМКнын Чек Ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик Боркошов Нургазы Имамалиевич каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын досу билдирди.

«Достук айылында 16-сентябрда ок тийип каза болду. Сөөгү жерге берилди. 2 уул 1 кызы бар эле. 18-сентябрь күнү келинчеги кыз төрөдү. Артында 2 уул 2 кызы калды»,— деди досу.