Казакcтанда кулаган учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар мекенге алып келинет. Бул тууралуу билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
28-декабрда Казакстандын Актау шаарында учак кырсыган жабыркаган Кыргызстандын жарандарынан кабар алуу жана жардам көрсөтүү максатында ӨКМдин куткаруучулары, медициналык кызматкерлери жана жабыркаган Ринат Асановдун бир туугандары учуп барышты.
Бүгүн дарыгерлердин консилиумунда жабыркаган жарандарды мекенге алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Дарыгерлер жабыркагандардын абалдары туруктуу, аны менен катар көзөмөл керек экенин билдирүүдө.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Азербайжан жана Казакстандын ӨКМи менен биргеликте иш алып барып жатышты.