Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүнү күчөтөт

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүнү күчөтөт. Бул ачыкка чыккан аткезчилик иштерге байланыштуу.

Кыргызстандан жолго чыккан жүк ташуучу унаанын ичинен Беларустун 1,1 миллиондон ашык акциздик үлгүсү табылган. Тизмеде жок 2 миңден ашык товар — видео көзөмөл системасы, кийим-кече жана спорттук жабдыктар да чыккан.

Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети тараткан маалыматка ылайык, буга чейин Кыргызстан товардын электрондук эсебин берүү милдетин алган. Ошондон улам казак тарап текшерүүнү басаңдаткан эле.