«Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын эли көргөн асмандагы кубулуш болид деп аталат». Окумуштуу дагы эмнелерди айтты?

Астрофизик Александр Серебрянский Таразда да асмандан көрүнгөн табышмактуу жарыкты түшүндүрүп берди. Анын айтымында, жашоочулар метеордун кулап түшкөнүн көрүшкөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.

Александр Серебрянскийдин айтымында, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жашоочулары көргөн кубулуш “болид” деп аталат.

«Болид — бул чоң метеор. Карапайым элде аны учкан жылдыз деп аташат. Алардын көлөмү бир топ чоң, диаметри бир нече метрге чейин жетет. Салмагы 10 тоннага чейин жеткен шарлар бар. Алар секундасына бир нече чакырым ылдамдыкта учат”, — деди ал.

Астрофизик белгилегендей, адамдар мындай кубулушту сейрек кездештирип, так көрө алышат.

«Видеого караганда, болид атмосферада Жерге перпендикулярдуу өткөн жана анын кичинекей калдыктары бир жерге түшүп калган болушу мүмкүн. Мисалы, ал саатына 20 чакырым ылдамдыкта учса, анын калдыктары ширетүүдөн кийинкидей болуп калышы мүмкүн. А эгер секундасына 20 чакырым болсо, анда калдык Жерге жетпейт”, — деди.

“Ошондой эле, болид үн менен коштолушу керек экендигин белгилеп кетким келет. Видеого караганда, бул метеорит бийик болуп, анын көлөмү бир нече чакырым бийиктикте күйүп кетти», — деди Серебрянский.

Ошондой эле, астрофизик мындай метеориттердин адамдар үчүн кооптуулугу жөнүндө айтты.

«Болидден эч ким өлгөн эмес. Изилдөөлөргө караганда, бул коркунучтуу эмес, залал да келтирбейт. Себеби көпчүлүк учурда ал таш же гранит сыяктуу түзүлүшкө ээ», — дейт окумуштуу.