Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик колдоо көрсөтүү боюнча үн катты

Тажикстан менен Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам өлкөлөр ортосундагы чек ара чыр-чатактарын өркүндөтүү максатында көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Tengrinews өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, 2019-жылдын декабрь айында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-ооган чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу казак тарапка аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган. 

Акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча өкмөттөр аралык келишим иштелип чыгып, 2021-жылдын 17-апрелинде кол коюлган. Министрлик билдиргендей, ушундай эле келишимге 2-мартта Кыргызстан менен кол коюлган. «Бул келишимдер Кыргызстан жана Тажикстан менен эки мамлекеттин ортосундагы чек ара талаштары курчуп кеткенге чейин түзүлгөн. Азыр кол коюлган келишимдерди ратификациялоо иштери жүрүп жатат. Аскердик-техникалык жабдууларды жеткирүү эки мамлекеттин ортосунда болгон карама-каршылыктарды жөнгө салуу жана кырдаалды нормалдаштыруу боюнча макулдашууга жетишкенден кийин гана жүзөгө ашырылат», — деп айтылат билдирүүдө.

4-июнда Казакстан Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүшү мүмкүн экендиги маалым болгон.