Казакстан Мажилисинде «Казакстандын өкмөтү менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралат. Өткөрүп бериле турган жардамдын катарында ок-дарылар бар. Казакстандын мамлекеттик «Open НПА» сайтында маалымдалгандай, мыйзам долбоору 3-июнда түзүлгөн, аны 17-июнга чейин кароо керек. Иштеп чыгуучу — Казакстандын Коргоо министрлиги.
«Крокустагы» кандуу окуяда каза болгондордун тизмеси жаңыланды. Анда 143 кишинин тизмеси бар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиядагы теракттан каза болгондордун жаңы тизмесин жарыялады. Тизмеде 143 адамдын аты бар. Тергөө комитети кабарлагандай, буга чейин...