Казакстанда адашып кеткен кыргызстандык Нумонжон Саматов мекенге келди

Казакстанда адашып кеткен кыргызстандык Нумонжон Саматов мекенге жөнөтүлдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

«Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында жарандын убактылуу жашаган жери аныкталып, кайтып келүү үчүн тиешелүү документтери даярдалып, жардам көрсөтүлдү. 9-сентябрда ал Кыргызстанга келди», — деп айтылат маалыматта. 

Нурлан Саматов аттуу Кыргыз жаранынын жакындарын издөө үчүн кайрылган видеосу социалдык тармактарга тараган. «Мен Жалал-Абад шаарынан болом. 1961-жылы туулгам. Эки карындашым, иним Москвада жашашат. Мен бул жакта (Нур-Султан шаарында) адашып калдым», — деген ал. Ал жол кырсыгына кабылып, операция болуп, эми гана ооруканадан чыгарылганын кошумчалаган.