Кыргызстандык Саматов Нурлан аттуу мырзанын жакындарын издөө үчүн кайрылган видеосу социалдык тармактарга тарады. Видеодо өзүн Саматов Нурлан деп тааныштырган мырза элге кайрылуу жасаган.
— Мен Кыргызстандын Жалал-Абад шаарынан болом. 1961-жылы туулгам. Эки карындашым, иним Москвада жашашат. Мен бул жакта (Нур-Султан шаарында) жоголуп калдым», — деген ал.
Ошондой эле ал жол кырсыгына кабылып, операция болуп, эми гана ооруканадан чыгарылганын кошумчалаган.