Казакстанда кармалган Кыргыз музыканты Викрам Рузахунов Кыргызстанга келди

Бүгүн, 10-январда Казакстанда кармалган Кыргыз музыканты Викрам Рузахунов Кыргызстандын аймагына өттү. Ал чек араны «Ак-жол» бекети аркылуу консулдук унаа менен кесип өттү.

Буга чейин УКМКдан кыргыз музыкантынын бошотулганын жана ал бүгүн мекенине кайтарын маалымдашкан.