Казакстандын укук коргоо органдары Кыргызстандан барган белгилүү музыканттын кармалышы тууралуу маалыматты чындыкка дал келбейт деп билдиришти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.
Алар берген маалыматка караганда, видеодогу адам — бул Кыргызстанда туулган 31 жаштагы Закир Убуров. Бирок бул маалымат ырасталган жок. Закир Убуровдун бир тууганы Тахир Убуров журналисттерге видеодогу адам анын тууганы эмес экендигин айтты. Анын үй-бүлөсү менен достору да видеодогу адам Закир Убуров эместигин билдиришти. Алардын айтымында, 1990-жылы туулган Ивановка айылынын тургуну болгон Закир Убуров да Алматыда кармалган. Ал 7-январдан бери байланышка чыга элек.
Бүгүн, 9-январда Алматыда кармалгандардын бири сурак учурунда Кыргызстандан барганын айтканы тартылган видео казак басылмалары тарабынан жарыяланды. Буга удаа эле Кыргызстандан Казакстанга акча сунушташканы үчүн митингге баргам деген адам — бул Алматыга концерт коюп көп барган джаз музыканты Викрам Рузахунов экенин тааныштары видеодон таанып, коңгуроо кага баштаган. Ички иштер министрлигинен музыканттын Алматыга билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алганын, 2-январь күнү саат 20:00дө учуп кеткенин маалымдашты.