Казакстанда каза болгон экинчи Кыргыз жаранынын да сөөгү туугандарына берилди

Казакстанда каза болгон экинчи Кыргыз жараны Бахтияр Базарбаевдин сөөгү туугандарына берилип, алар аны мекенине алып кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов журналисттерге билдирди.

10-январда УКМКдан Казакстандагы башаламандыкта дагы бир Кыргыз жараны каза болгонун маалымдашкан.

Коңшу өлкөдөгү башаламандык учурунда эки Кыргыз жараны каза болду. Анын бири Азиз Мусаев Алматыда жерге берилди.