Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган эки кыргызстандык ооруканадан чыгарылды. Үчүнчү жабырлануучу Ринат Асанов дарылануусун улантып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Ринат Асанов реанимациядан палатага которулган. Абалы туруктуу.
25-декабрда Актауда кыйраган азербайжандык учактын ичинде 67 адам болгон, алардын 37си Азербайжандын, 16сы Орусиянын, 6сы Казакстандын жана Кыргызстандын 3 жараны болгон.