Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө тыюу салындыбы? ТИМдин маалыматы

Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн таануу боюнча маалымат берди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Казакстандын бийлиги бул өлкөдө жашап турууга уруксаты бар кыргызстандыктарга Кыргызстандын күбөлүгү менен унаа айдоого тыюу салып жатканын айткан. 

«Кыргызстан менен Казакстан 1968-жылдын 8-ноябрындагы БУУнун “Жол кыймылы жөнүндө” Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналышат. Ага ылайык Конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.

Казакстандын аймактык административдик полициясынын кызматкерлери тарабынан эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган айрым фактылар байкалууда, алар ички мыйзамдардын жоболоруна ылайык айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышат.

Өз кезегинде, министрлик казак тарапка Казакстандын Ички иштер министрлигинин алыскы жайгашкан тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен Казакстандын аймагында Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүнүн аныктыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча казак тарап зарыл болгон маалыматтык иштер жүргүзүлөрүн билдирген. Тийиштүү биргелешкен чара көрүү үчүн мындай ар бир окуя тууралуу маалымдоо тууралуу өтүнүчүн билдирген.

Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилиги тарабынан бул маселе боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландаштырылган», — дешти.