Казакстанда сыра үчүн өлтүрүлгөн өспүрүмдүн атасы кайрылуу жасады

Шерзат Болаттын атасы Казакстан элине видео кайрылуу жазды. Ал колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, интернеттеги чагымчылдыкка алдырбоону суранып, маалымат менен түз бөлүшүүгө убада берди.

«Мен Конаев РИИБден кайтып келдим, адвокаттар бизге жардам берип жатышат. Мени колдогондор митингге чыкпагыла, адилеттүү соттун чыгышын гана талап кылабыз», — деди ал.

Каржаубай Нурымов белгисиз адамдар коркутуп жатканын билдирген. «Энелер ыйлабасын, балдар өлбөсүн, менин балам өлдү, мен башка балдардын жабыркашын каалабайм», — деп кошумчалады ал.

Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумган. Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушкан.

Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон. «Апасын эки киши кармап турду. Ал баласына тийишпөөнү, аны өлтүрбөөнү суранып жатты»,- деди окуянын күбөсү.