Казакстандагы башаламандык боюнча эки кыргызстандык кармалды

Казакстандагы тополоңго байланыштуу Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстандын жарандары камакка алынды. Бул тууралуу Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова билдирди.

Маалыматка караганда, тополоңго байланыштуу кармалгандардын арасында 18 чет элдик жарандар бар. «Алардын 14ү Өзбекстандын, экөө Орусиянын, экөө Кыргызстандын жараны», — деди ал.

Ал Акыйкатчы институту жабык мекемелерге жана жарандардын кайрылууларына, ошондой эле соттук териштирүүгө мониторинг жүргүзүүнү улантат деп ишендирди.