Казакстандагы башаламандыкта дагы бир Кыргыз жараны каза болгону маалым болду

Казакстандагы башаламандыкта дагы бир Кыргыз жараны каза болгону маалым болду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Өлкөнүн күч органдары, Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлигинен турган компетенттүү түзүмдөр тарабынан Казакстанда болгон окуяларга байланыштуу оор кырдаалга туш болгон Кыргыз жарандарынын санын тактоо маселеси боюнча тиешелүү эки тараптуу байланыштар уланып жатат. Бүгүн, 10-январдын кечки убактысында укук коргоо органдарынын тергөө-процессуалдык иш-чараларынын жыйынтыгында башаламандык учурунда 5 Кыргыз жараны кармалып, 2 кыргызстандык каза болгондугу аныкталды. Алардын жакындары менен байланышуу жүргүзүлдү.

Тараптардын компетенттүү түзүмдөрүнүн биргелешкен иликтөө иштеринин натыйжасында, Викрам Рузахунов бошотулуп, азыркы учурда мамлекеттик кызматкердин коштоосунда Кыргызстанга кайтып келе жатат.

Буга чейин Алматыда башаламандык учурунда Кыргыз жаранынын каза болгону тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси билдирген.