Казакстандан Кыргызстанга ата-энесинен ажыраган балдар кайтарылды

Кыргызстандын Казакстанстандагы элчилигинин жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды (жетим балдарды) кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында кечээ, 6-октябрда Казакстандан Кыргызстанга 2 жашы жете элек бала мекенине кайтарылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Элчилик алардын мекенине кайтып келиши үчүн керектүү документтерди даярдоого жардам көрсөткөн. «Элчилик ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында балдарын чет өлкөдө тарбиялоого жоопкерчиги, ошондой эле зарыл болгон учурда, алардын балдарына камкорчулукту тариздөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.