Казакстандык блогер Кыргызстандын депутатына кеңеш берди (видео)

Казакстандык блогер Арман Юсупов Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсулуу Мамашованын суроосуна жооп берип, депутаттын жеке брендин өстүрүү боюнча кеңеш берди.

Арман Юсупов брендди өстүрүү үчүн «Элдик рубрика» ойлоп табуу керектигин билдирди. Экинчиден, агрессивдүү маанайдагы контент жаратуу керектигин айтты. Ал эми депутат айым блогерди белгилеп, жооп бергенине ыраазычылык билдирип, жаңы рубрика менен чыгарын айтты.