Казакстандын Орал шаарында Кыргызстандын гумжардамы жетти (видео)

Суу каптоодон жабыркаган элге багытталган жардам Казакстандын аймагында Жамбул – Түркестан – Кызылорда – Актөбө облустарын аба ырайынын ар кандай шарттарына карабай, күнү-түнү басып өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын ичинен 4 оор жүк ташуучу унаадагы жардамды жерине жеткирүү, таркатуу милдетин өзүнө алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын кызматкери Замир Нарчаев жеткирди. Ал Орал шаарында атайын жардамды кабыл алуу жайына куткаруучулардын, шаар тургундарынын жардамында болжол менен 80 тонна жүк түшүрүп, ошондой эле казак элинин жашоосу өз нугуна кайтуусун, кырдаалдан тез арада чыгууну тилек кылды.

9-апрелде Костанай облусуна 3, Актөбө облусуна 4, Орал (Уральск) облусуна 4, Атырау облусуна 4 жардам кербени багыт алган.