«Казарман» аймактык аэропорту «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын жүргүзгөн масштабдуу модернизациялоо иштеринен кийин кайрадан каттамдарды кабыл алууга даяр.
Инфраструктурасы жаңыланып, узундугу 1840 метр болгон учуп-конуу тилкеси, буруучу жолчосу, унаа токтотуучу жайлары жана аэробекети ондолду. «Казарман” аэропортунун ишке кириши — бул өлкөнүн транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Учуулардын коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык иштер жасалды. Эми аймактын жашоочулары жана коноктору Бишкекке тезирээк жете алышат.
Аэропорт Казарман айылынын түндүк — чыгыш тарабында Жалал-Абад облусунун кооз тоолуу аймагында жайгашкан. Ал салмагы 22 тоннага чейинки аба кемелерин кабыл алууга эсептелген жана күндүзгү убакта иштейт. Аэропорттун тарыхы 1940-жылдары башталган, заманбап имарат жана учуу тилкеси 1985-жылы курулган. Ар кайсы жылдары бул аймактан Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып келген. 20 жылдан ашык убакытка созулган узак тыныгуудан кийин аэропорт кайрадан ишин жандантты.
Кечээ, 12-августта “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы бул аэропортко алгачкы техникалык рейсин жасады жана бул жерден Казарман менен Бишкекти байланыштырган үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну пландаштырууда.