Кечээ түзүлүп, бүгүн кармалып… Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетине кимдер кирген? Тизме

Кечээ, 22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитети түзүлгөн. Бүгүн, 23-октябрда комитеттин айрым мүчөлөрүнүн үйүнө милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнү келишип, кээ бирлери милиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө.

Комитет 15-октябрда Өзгөндө өткөн курултайда кабыл алынган резолюциянын негизинде түзүлгөн. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана суу сактагычтын тагдырына кайдыгер эмес жарандар кирген.