Кечээ, 16-январда Нарындын Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан атайын түзүлгөн комиссия Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнүн абалын текшерди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Алар аталган өрөөндүн Көк-Кыя тилкесинде иштеп жаткан туристтерди тосуучу мейманкана ээсине өрт коопсуздугу, экологиялык техникалык эрежелери, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, көлдү таза кармоону түшүндүрүштү.
Ошондой эле Кел-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгы, резина калдыктары калбагандыгы, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендиги аныкталган. Комиссия мүчөлөрү Кел-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө, муз бетинде унаа айдоого тыюу салып, толук көзөмөлгө алынарын чечишти»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин фотограф Влад Ушаков социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, муз үстүндө унаа айдап жүргөндөр бар экенин айтып, экология үчүн кооптонуп жатканын жазып чыккан.