“Келечегиң али алдыда”. Садыр Жапаров Жоламан Шаршенбековду куттуктады

Президент Садыр Жапаров балбан Жоламан Шаршенбековду Париж Олимпиадасында коло медаль утушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы дүйнө жүзүндөгү мен-мен деген спортчулардын Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу чоң ийгилик экенин өзгөчө белгилеп айтты.

Биз сенин ар бир кармашыңды бир дем менен көрүп жаттык. Эли-журтуң сен ийилсең ийилип, сени менен жан бирдей болуп жатты. Албетте, Олимпиада деген дүйнөлүк мелдеш. Дагы далай жолу катышасың. Ийгилик ушуну менен эле токтоп калбайт. Сенин келечегиң али алдыда. Дагы далай алтын, күмүш медалдарды багындырасың!” – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Жоламан Шаршенбековго мындан аркы ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын атынан дүйнөлүк аренада чыккан ар бир спортчу мыкты оюн көрсөткөн мелдештери менен канчалаган жаш муунду шыктандырып, алардын келечектен көптү күткөн үмүттөрүн жандандыраарын белгилей кетти.

Президент Садыр Жапаров кыргыз эли өз баатырынын Ата Мекенине кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аны татыктуу сыйлыгы менен жеке куттуктай турганын кошумчалады.

Жоламан Шаршенбеков президентке жана жалпы Кыргызстан элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул анын жаңы жеңиштерине дем-күч берээрин айтты.