«Келечек жоктой сезилип жатат». Лейлектин дыйкандары суу сурап, Садыр Жапаровго кайрылышты (видео)

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө эгин куурап жатат. Бул тууралуу дыйкандар видео кайрылуу кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты. 

Алардын айтымында, дыйкандар 2 айдан бери суу күтүп жатышат, бирок суу жок. «Садыр Жапаров, биздин кайрылбаган жерибиз калган жок. Ушуну өзүңүз чечип берсеңиз, жакшы болот эле. Суу жок, жасалма жол менен сугарып жатканбыз, бирок бул да иштебей жатат. Келечек жоктой сезилип жатат. Айыл чарба министрин тааныбайбыз дагы. Келип, эл менен жолугуп, элдин абалын көрүңүздөр. Садыр Жапаров, сиз келгенде «Баткен жүрөгүмдө турат» деп айткансыз. Көйгөйүбүздү уккансыз. Биз ушул насосту эле карап турабыз. Буудай менен эле өрүктөн түшүм көрөбүз. Апрель айы болуп жатат, буудайыбыз, көчөттөрүбүз кургап калды. Насосубуздун трубасы жарылып калды. Мартта сугарышыбыз керек болчу. Үрөндү кредитке алганбыз. Көчүп кетишибиз керекпи?» — дешти чогулгандар.