Ысык-Көлдөгү «Келечек» лагеринин отряд башчысы балдарыбызды өзөртө уруптур» дешет ата-энелер. Лагердин жетекчилиги бул тууралуу эмне дейт? (фото)

Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Келечек» лагерине барган балдар отряд башчысы тарабынан ур-токмокко алынганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ата-энелери маалымдашты. Окуя боюнча эки тараптын версиясын сурап көрдүк.

Өзүн Мээрим (ата-жөнү өзгөртүлдү) деп тааныштырган айым баласы лагерден келгенде ыйлап жибергенин айтат.

— Менин балам 20-июлдан 30-июлга чейин «Келечек» лагерине барган. Балам мурун деле лагерлерге барып жүргөн. Мунусунда кандай эс алып келдиң деп сурасам ыйлап жиберди. Эмне болгонун сурасам айтпай ыйлай берди. Мен да коркуп кеттим, сурап отуруп араң айттырдым. Балам Нурадил деген отряд башчысы  аларды түнү уруп, уктап жаткан жеринен жаздык менен чаап ойготуп, бирөөгө айтсаңар жаман болосуңар деп коркутканын айтты. Менин балам тентек болсо, өзү баштады деп өзүн күнөөлөмөкмүн. Уулум оор басырыктуу, жакшы окуган, тартиптүү бала. Муну угуп алып жаман болдук. Азыр өзүңдүн балаңа кол көтөргөндөн коркосуң. Отряд башчысы биздин чырактай балдарыбызды эмнеге урат? Биз балабызды эс алып келсин деп жөнөтсөк, алардын психикасы бузулуп келиптир.

Бизге окшогон балдары коркуп, психикасына доо кетип келген канча ата-эне бар. Эгер боло берет деп кыргызчылыкка салып көңүл бөлбөй койсок, бул нерсенин арты жаман болуп калышы мүмкүн. Окуя боюнча көпчүлүк ата-энелер ачык айтып, арыз жаза албай жатат. Анткени Нурадил «ар бириңердин маалыматыңар менде бар. Ар бириңерди таап алып башкача сүйлөшөм» деп коркутуптур. Биз профсоюзга барып Нурадил аттуу баланын үстүнөн арыз жаздык,» — дейт нааразы болгон эне.

Ал эми кийинки эне агасы экөөнүн баласын чогуу жөнөткөнүн жана отряд башчысы анын баласын өзөртө чапканын айтат.

— «Келечек» лагерине балам кичинекей кезинен барып жүргөн. Буга чейин мындай окуя болгон эмес. Лагерде балдарды сабаганы тууралуу маалымат келери менен мен баламдан сурадым. Балам коркуп калган окшойт, айтпай жатат. Бирок аны менен чогуу барган байкемдин баласы «балаңызды өзөртө чапкан» деп айтты. Ысык-Көлдө болсом баламды сабаган Нурадил деген вожатыйды мен да уруп, сабагым келип жатат. Айла жок алыста болуп жетпей жатам. Ушунчалык жиним келди. Биздин балдарыбызды урганга анын кандай укугу бар?!

Мен ошол балага чара көрүлүшүн суранам. Байкемдин баласы лагерге биринчи жолу барды эле, азыр лагерь дегенди уккусу келбей калыптыр. Жалгыз эмес, бир отряддын балдарын башчысы сабап жатса жетекчилиги карабай кайда жүргөн?!

Ата-энелердин нааразычылыгын уккан соң аты аталган «Келечек» лагеринин жетекчиси Асыл Орозобековага байланыштык.

— 18 жаштагы Нурадил деген балыкчылык бала бизге быйыл келди. Ал мурун башка лагерде да отряд башчысы болуп иштеген экен. Агрессиясы жок, интеллигент үйдүн баласы болчу. 30-июлда 3-потокту узатып жаңы потокту кабыл алганбыз. 1-августта ата-энелер окуя боюнча арызданып чыгышты. Алардын кайрылууларынын негизинде Нурадил менен сүйлөштүк, жетекчиликте өзүнчө жыйын болду.

Нурадил балдарды урган эмесмин дейт.  Ал балдар арасында «морковка» деген оюн бар экендиги айтты. Балдар чоң сүлгүнү катуу кылып бурап өрүп алып, бири-бирин койгулап урушкан экен. «Балдар улам келип мени катуу чаап жатышты. Мен койгула десем болушпаганынан бир-эки жолу кандай тиерин билдирейин деген максатта ойноп чаап койгом. Андан башка тийген эмесмин» дейт.

Нурадил өзү жалгыз иштебейт балдар менен, анын жанында Аяна аттуу өнөктөшү бар. Ал балдарды уруп-сабаганын көргөн жокмун деди. Улук вожатый Нагима, андан башка жогорку тарбиячы бар. Негизи эле бизде коллектив чоң, милиция кызматкерлери, коопсуздук кызматкерлер, улук тарбиячылар бар, эмнеге балдарды сабаганда бизге бир ооз айтып коюшпаганына таңданып жатам. Коллективдегилерден шектүү нерсе байкадыңар беле десем, алар да байкаган жокпуз деп жатышат.

Окуядан кийин Нурадил «эгер мени иштегенге татыктуу эмесссиң деп жатсаңыздар кетейин» деп арызын жазып жумуштан кетти.

Негизи канча жылдык эмгек жолубузда мындай түшүнбөстүк бизде биринчи жолу болуп жатат. Мындай негативдүү окуялар биздин беделибизге так түшүрөт. Андыктан мындан ары да буга окшогон окуяларга жол бербөөгө аракет кылабыз», — дейт Асыл айым.