«Келемишке жем боло берип чарчадык» деген келин элден жардам сурады

Бул жолу SUPERTV телеканалына Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүнүн тургуну кайрылды. Ал ижарага алып жашап жаткан батиринен келемиштер чыгып, алтургай балдарына бир нече ирет кол салганын айтат. “Турмуштун кыйынчылыгынан көчүп кете албай жатабыз” деген үй-бүлө финансылык жардамга муктаж экенин айтат.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0502 41 47 38.

«Жолдошумдун бутуна жумушунан оор нерсе түшүп кетип, операция жасатык. Азыр «2 жума жумушка чыкпа, үйдө жат» дешти. 2 жума үйдө жатса, кантип күн көрөбүз билбейм. Мен иштейин десем, 3 баламды ким карайт? Аргасыз ушул жолго келдик. Биздин үй-бүлөбүзгө кайдыгер карабай, жардам берүүңүздөрдү суранам»,- деди келин.