Кеминде поезд тебелеп кетип, эки бутунан ажырап калган жигит жардамга муктаж

Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева поезддин тебелеп кетүүсүнөн адамды куткарып калып, бирок өзү эки бутунан ажырап калган жаран тууралуу билдирүү жарыялады. “31-декабрда 22 жаштагы Тилек Жумабеков аттуу жигит Кеминде темир жолдун линиясында адамды куткарып, бирок өзү жетишпей калып, эки бутунан ажырап калган. Ал учурда 4-шаардык ооруканада жана жардамга муктаж. Абалы оор”, — деп жазган Чыныбаева.

Ички иштер министрлигинен жогорудагы окуя тууралуу маалымат таратылып, Тилек Жумабековдун адам куткарбаганын билдиришти. Кырсык катталган күнү, тагыраагы 31-декабрда түнкү саат 23:45те ал темир жол линиясында жалгыз болгон. “Машинист анын көңүлүн буруу жана аны тебелеп албоо үчүн сигналды баскан. Окуя кырсык катары катталган. Жабырлануучу бирөө жарымды куткарып калууга аракет кылган версия калп”, — деп жазылат министрликтин маалыматында.