Акыйкатчынын айтымында, спикер Кемпир-Абад маселеси боюнча бүгүн активисттердин, журналисттердин үйлөрүндө тинтүү иштери, алардын суракка чакырылып жаткандыгы боюнча Акыйкатчы институту кандай иш жүргүзүп жатканын сурады. «Акыйкатчы катары окуяга калыс пикири кандай, адам укуктары сакталып, кандайдыр бир кыйноо же адамгерчиликсиз мамиле болгонбу, баардыгында өзүлөрү ишеним көрсөткөн адвокаттары барбы жана башка стандарттардын сакталышын сурады. Адам укуктарынын сакталышына, Омбудсмендин макамынын алкагында мониторинг иштеринин жүргүзүү менен бирге жыйынтыгын ыкчам парламентке билдирүүсүн айтты. Кандайдыр бир басым, же ишмердүүлүгүбүздү чектөө, токтотуу боюнча сөз да, аракет да болгон жок. Нурланбек Тургунбековичке ишибизди туура түшүнүү менен бирге, жалпы элибиздин өкүлү катары адам укуктарынын так сакталышына кызыкдар болуп бүгүн ыкчам маалымат алганына терең ыраазычылык», — деп жазылат акыйкатчынын билдирүүсүндө.
Депутат Калпаев: «Мугалимдер чоң трассанын боюн тазалап жүрүшүптүр. Токтотсок ушундайды»
"Мугалимдердин коомдогу статусун көтөрүшүбүз керек". Бул тууралуу пикирин депутат Бактыяр Калпаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. "Биздин келечек муунду тарбиялоочу кесиптин...