Кемпир-Абад иши. Ачкачылык жарыялагандардын абалы айтылды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ачкачылык жарыялаган айыпталуучулардын абалы дурус. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинде башкача айтканда №1 ТИЗОдо айыпталуучулар Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Атай Бейшенбек уулу ачкачылык кармоону жарыялашкан.

«Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз аздан тамак жеп башташты. Медицина кызмтакерлеринин тыкыр көзөмөлүндө каралууда. Ошону менен катар айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү. “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамда көрсөтүлгөндөй, өз өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудуруучу аракеттерди билип туруп жасабоого айыпталуучу жана соттолуучулар милдеттүү экендиги жөнүндө кызматкерлер тарабынан түшүндүү иштери жүргүзүлүүдө»,- дешти.