Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары Ак Үйдүн жанына чогулушту

Бүгүн, 20-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары Ак Үйдүн жанындагы Панфилов сейил багына чогулушту.

Алар кармалгандарды бошотууну талап кылышууда. Бул иштин алкагында кармалгандардын көбү бир канча күндөн бери ачкачылык кармап жатышат.