«Керектүү жардам берилет». Ленин районунун акими ташталган ымыркайга барды

Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган ымыркай жаткырылган №2 төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушууда аким ымыркайдын абалы менен таанышып, дарыгер менен баарлашып, администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи. Баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү кам көрүү жана тамактануу каралган.

Ымыркай жеке үйдүн тосмосунун жанынан табылган, ал желим баштыкка оролгон кутуда болгон.