Кезектеги жаратылыш кооздугу. Министрлик Туюк капчыгайынын сүрөттөрү менен бөлүштү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Туюк капчыгайында тартылган сүрөттөр менен бөлүштү.

Туюк капчыгайы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бишкек шаарынан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бадалдар жана Тянь-Шань карагайлары жыш басып курчалган капчыгай бардык мезгилде ажайып кооз көрүнөт.

Аталган министрлик буга чейин Сары-Челек көлүнүн сүрөттөрү менен бөлүшкөн.