«Кичинекей кызын кошунасына таштаган». Чүйдө Инна Козлова изделип жатат

Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган Козлова Инна Яковлена изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-августта Сокулук РИИБге 17-августта Инна Козлова өзүнүн 2013-жылы туулган кызын кошунасына таштаган бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 607567, 03134 53380, 0701 801803 номурларына чалсаңыздар болот.