Кочкор районунун социалдык жана спорттук инфраструктурасын жакшыртууга жалпы 900 миллион сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кочкор районуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.
Сапардын алкагында атайын кызматтын башчысы райондогу бир катар ири социалдык маанидеги объектилерди жеринен көрүп чыкты. Анын ичинде райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун абалы менен таанышып, аны түп-тамырынан жаңылоо зарылдыгын белгиледи. Жаңы долбоор боюнча төрт кабаттан турган эки имарат жана дарыгерлер үчүн атайын жатакана курулат. Бул ири иштерге 500 миллион сом багытталат. Мындан тышкары, маданий-спорттук чөйрөгө да көңүл бурулду. Ормон-Хан атындагы стадионду кеңейтүү жана кошумча шарттарды түзүү үчүн 100 миллион сом бөлүнсө, ошол эле айылдагы 5 гектар аянттагы сейил бакты толук реконструкциялоого дагы 100 миллион сом жумшалат. Бул өзгөрүүлөр жергиликтүү калк үчүн эс алуу жана маданий жайларды жаңы деңгээлге чыгарат.
Ал эми спортко кызыккан жаштар үчүн өзүнчө жакшы жаңылык бар: Кочкор райондук спорт мектеби заманбап талаптарга ылайык жаңы спорт комплекси болуп курулат. Аталган долбоорго 200 миллион сом каралган. Камчыбек Ташиев өз сөзүндө бул иш-чаралардын максаты Кочкор элине ыңгайлуу шарттарды түзүү, аймактын өнүгүшүнө түрткү берүү экенин белгилеп, райондун жетекчилигине долбоорлорду тез арада ишке ашырууну тапшырды.