«Көчөлөп жүргөндөн көрө, элге кызмат кылсын». Ташиев депутаттыкка талапкерлигин койгон уулун кубаттады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү шайлоого катышып жаткан уулу Тай-Мурас Ташиевге ийгилик каалады. Анын уулу «Ата Журт- Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоого катышып жатат.

Ал уулуна ийгиликти 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып каалады.

«Балама ийгилик каалайм! Эгерде ал Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болуп, эл үчүн кызмат кылса, мен кубанам. «Көчөлөп жүргөндөн көрө, элге кызмат кылсын»,- деди Ташиев.