Көк-Бел жайлоосунда кан басымы жогорулаган адам куткарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагына караштуу Жыргалаң айылынын Көк-Бел жайлоосунда 1972-жылы туулган эркек кишинин кан басымы жогорулап, абалы кескин оорлошкондугу тууралуу маалымат кечки саат 22:40да ӨКМге түшкөн.

Куткаруучулар саат 23:40да жерине жетип, биринчи жардам көрсөтүү менен жаранды жайлоодон унаа менен алып түшүп, Жыргалаң айылынын Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы жакшы. Жерине ӨКМдин 7-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылган.