Социалдык тармактарда көк бөрү оюнундагы «Ынтымак» командасынын жашыган жаш күйөрманынын видеосу тарады.
7-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогу өттү. “Достук” командасы “Ынтымакты” жеңип, Жогорку лиганын чемпиону болду.
Экинчи орунду ээлеп калган «Ынтымак» командасынын жаш күйөрманынын көз жашын токтото албай ыйлаган видеосу элди таасирлентти.












