«Көл тартылыптыр». Июлда көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны ата-энеси издеп жатат

18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде желденме матраста сууга түшүп жатып сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны апасы менен атасы издеп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинен апасы билдирди.

«Көл 7-8 метрге тартылыптыр. Атасы экөөбүз издеп жатабыз. Экөөбүз эле болгонуна байланыштуу биринчи жээктен экинчи жээкке баргыча кеч кирип кетип жатат. Бизге азыр дрон болсо жакшы болмок», — деди апасы.

Алар ошондой эле дронго акча чогултуу үчүн номур калтырышты: 0705603704 (Элсом О Деньги)

Ушул жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында 4 жаштагы Аиша сууга чөгүп кеткен. ӨКМ 20 күндөн кийин издөө ишин токтоткон. Ал эми кыздын атасы сөөгү жок жаназа окулганын айткан.